• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пикир: Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү, негизинен жеңил өнөр жайынын жанданышынан улам көбөйүүдө

Экономика 0

Чолпон Алкадырова, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү, негизинен жеңил өнөр жайынын жанданышынан улам көбөйүүдө”

- Чолпон Муканбетовна, жакында Астанада өткөн ЕврАзЭСтин өкмөттөр аралык жыйынында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев “Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү кыргызстандык жаңы товарларды өндүрүүнүн эсебинен өсүүдө” деген пикирин билдирди. Ири державанын өкмөт башчысынын мындай пикирине кошуласызбы?

- Албетте, өсүштөр бар. Негизинен биз азык-түлүк боюнча ЕврАзЭСтин базарына айрым бир чечиле элек маселелердин айынан массалык түрдө жеткиликтүү чыга элекпиз. Кыргызстандагы жаңы товарларды өндүрүүнүн өсүшү негизинен жеңил жана өнөр жайынын жанданышынын эсебинен өсүүдө. Алдыңкы жакшы көрсөткүчтөргө биз кызмат көрсөтүүлөр аркылуу да жетишип жатабыз.

- 2017-жылдын биринчи жарымында Россия менен өз ара соода-сатык көлөмү 500 миллион доллардан ашканын, бул жетишкендикти мындан ары да көбөйтүү планы бар экенин өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭСтин Өкмөттөр аралык кеңешмесинде билдирди. Демек, алдыда көп иштер турат окшойт?

- 2015-2016-жылдын алгачкы мезгилдеринде бул жааттагы көрсөткүчтөр түшүп кеткендиги факт. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымындагы азыркы көрсөткүчтөр өткөн 2 жылга салыштырмалуу албетте, жакшыраак. Бирок, биз дагы эле экономика боюнча өзүбүздүн жетээр чегине жете элекпиз. Биздин Экономика министрлиги тарабынан жасалып жаткан иш-чаралар негизинен ЕврАзЭСтин алкагындагы лабораторияларды сертификациялоо иштерине багытталып, аны жөнгө салууга жетишсе, Россия менен эки тараптуу соода-сатык мындан да көбөйүп, жогору чекке жетмек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий