• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пилоттук мектептердеги 116 тонна ун шарты оор окуучулардын үй-бүлөлөрүнө берилет

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген байытылган унду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берет.

Коронавируска байланыштуу өкмөттүн аярлуу топтогу үй-бүлөлөрдү колдоо приоритетине ылайык, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Билим берүү жана илим министрлиги аталган уюм тарабынан пилоттук мектептердеги тамактанууга ажыратылган унду аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө бөлүп берүүнү чечишти.

Май айында мектепте окуган балдары бар аз камсыз болгон 3000ге жакын үй-бүлөгө 116 тонна байытылган ун таратылат. Жардам алчу үй-бүлөлөрдүн тизмеси Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү бийлик менен биргеликте өткөрүлгөн баалоо менен аныкталды.

Кыргызстандагы мектептердин 65%ында тиешелүү шарттар түзүлүп, БУУнун азык-түлүк программасы жана Россия өкмөтү тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун азык-түлүк программасы менен биргеликте дагы 80 мектепке ысык тамак уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий