• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Пирамида» медиахолдинги менен Өзбекстандын МТРКсы кызматташуу меморандумуна кол койду

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. «Пирамида» медиахолдинги жакынкы чет өлкөлөр менен кызматташуусун кеңейтүүдө, - деп кабарлайт аталган медиахолдингдин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, «Пирамида» медиахолдинги менен Өзбекстандын МТРКсы маалыматтык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

«Пирамида» телеканалынын башкы директору Дооронбек Адаханов Өзбекстандын МТРК улуттук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында болуп, анын төрагасы Алишер Ходжаев менен жолугушту. Телевидение өндүрүшү боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен теледолбоорлорду түзүү боюнча алдыдагы иш аракеттер макулдашылды.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын МТРКсы биринчи жолу «Пирамида» телеканалын кабыл алып, телеканал менен тыгыз кызматташууга даяр.

Өзбекстандын МТРКсы башкы улуттук телеканалы болуп саналат. Телерадио тармагы 12 телеканалдан, 4 радиоканалдан, 12 аймактык телерадиокомпаниядан турат. Берүү санариптик жана аналогдук форматында жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, «Пирамида» телеканалы медиа чөйрөсүн өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн эл аралык телеканалдар менен кызматташууну кеңейтет. «Пирамиданын» кызматташтык тизмегине Азербайжан, Беларусь, Германия, Казакстан, Россия, Корея, Япония жана Иран сыяктуу өлкөлөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий