• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин үйү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин жаңы реставрациядан өткөн үй-музейинин ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Россиянын Кыргызстандагы элчиги, Бишкек шаарынын вице-мэри Мирланбек Байгончоков, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, атайын чакырылган меймандар жана шаар тургундары катышты.

Үй-музейдин ачылышында Алтынбек Максутов Илья Федотович Терентьев - шаарыбыздын шаар болуп калыптанышы, негизги пайдубалынын түптөөчүлөрүнүн бири болгондугун, анын башкаруусунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана жана бир нече мектептер, гимназиялар курулгандыгын, ошондой эле банк кызматын аткарган алгачкы кеңселер, темир устаканалар жана соода жайлары ачылгандыгын белгиледи.

Министр ошондой эле бул үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселеси көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай келгенгенин айтып, мындай жоопкерчиликтүү иш-аракетти колдоого алып, тарыхый-маданий мурас объекттин сынын кетирбей, оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштеринде өз салымын кошкон “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековго ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аскар Салымбеков министр Алтынбек Максутовго жаңы реставрациядан өткөн үйдүн ачкычын тапшырды.

Илья Федотович Терентьев 1848-жылы Ижевскиде курал устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге уста Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы И. Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган.

Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектеп жана гимназиялар, жеке темир устаканалары, наабайканалары, соода дүкөндөрү ачылган.

Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи эл каттоосу өткөн. Ошондой эле ага караштуу Карагачева токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.

Пикир

Оставить комментарий