• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин үйү реконструкцияланат

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кычан Жакыпов атындагы Илья Терентьевдин үйү реконструкцияланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда И. Терентьевдин үйүнүн аймагында "Кыргыз реставрация" илим-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедель Жумабаев, “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышкан көчмө жыйын өттү.

Анда Илья Терентьевдин жашаган үйүн кайрадан калыбына келтирүү боюнча даярдалган долбоор сунушталып, жеринен талкууланды. Турак жай, кийин административдик имарат катары колдонулуп келген имарат кароосуз калып, учурдагы абалы менен шаар тургундарынын маалыматы бар.

Толук оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, аны кандай багытта колдунула тургандыгы туралуу Маданият министрлиги кийинчирээк маалымат берет.

“Дордой” ассоцияциясынын жетекчилигинин маалыматы боюнча, оңдоо иштерин жылдын аягына (болжол менен ноябрь айында) чейин бүтүрүү планы бар.

Эске салсак, аталган үй XIX – XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналгандыктан, ал тарыхый- маданий эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине киргизилген. Учурда имарат толугу менен талкалануу алдында турат жана аны курчап турган парк зыянга учураган.

Ал эми министрликтин алдындагы "Кыргызреставрация" илим-изилдөө жана долбоорлоо институту илимий-конструктордук документацияны иштеп чыкты.

Болжол менен имаратты оңдоп-түзөө иштерине 11 млн сом каражат керектелет. Ремонт иштерин “Дордой” ассоциациясы тарабынан жүргүзүү пландалууда.

Илья Федотович Терентьев 1848-жылы Ижевскиде курал устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге уста Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы И. Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган.

Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектеп жана гимназиялар, жеке темир устаканалары, наабайканалары, соода дүкөндөрү ачылган.

Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи эл каттоосу өткөн. Ошондой эле ага караштуу Карагачева токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.

Пикир

Оставить комментарий