• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

Өкмөт 0


Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 28-июнуна карата өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдады. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды.

28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди.

Бүгүнтөн баштап №1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий