• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пландаштырылган төрт көпүрөнүн үчөөндө курулуш иштери жүрүүдө — Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Транспорт жана коммуникация министрлиги 2021-жылга төрт көпүрөнүн курулушун пландаштырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө пландаштырылган төрт көпүрөнүн үчөөндө курулуш иштери жүрүүдө.

“Мындан тышкары, Баткен облусунун аймагындагы жолдордун курулушуна өзгөчө көңүл бурулууда. 319 миллион сом каражатка узундугу 16 чакырымга созулган жол куруу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө 14 чакырымы бүттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий