• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Пластик буюмдарын өндүргөн жана импорттогондордон утилизация үчүн салык чогултуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги пластик буюмдарын өндүргөн жана импорттогондордон утилизация үчүн салык чогултуу пландалууда. Бул тууралуу агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов "Кабарда" өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чогултулган акчаны пластик буюмдарын кайра иштетүүчү ишкана курууга жумшалат.

Рустамов салыктын мындай түрү пластик буюмдарын өндүргөн жана импорттогон фирма же ишканаларга гана тиешелүү болот деп кошумчалады.

"Биз субсидия катары пластикти кайра иштеткен жеке компанияларды түзөбүз. Ал өз кезегинде кошумча иш орундарын да түзөт", – дейт Рустамов.

Утилизация үчүн салыкты чогултуунун механизми боюнча азыр иш жүрүүдө, деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда таштанды таштоочу жайларда инвентаризация жүргүзүлүп, таштандылардын 26% пластик түзөөрү аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий