• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ПМББ: Өткөн жумада «102» линиясы боюнча түшкөн 656 чакыруу жана маалымат тейленди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Болжолдуу маалымат боюнча, өткөн жумада Ички иштер органдарынын Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын (ПМББ) кызматкерлери тарабынан “102” линиясы боюнча жарандардан түшкөн 656 чакыруу жана маалымат тейленди. Бул тууралуу ИИМ ПМББнын басма сөз кызматы билдирди.

ПМББнын кызматкерлери тарабынан 55 кылмыштын бети ачылды. Коомдук коопсуздук линиясы боюнча 682 административдик протокол толтурулду. Андан тышкары, жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча 13336 административдик протокол толтурулду.

Анын ичинен жол кыймылынын эрежеси линиясы боюнча негизги мыйзам бузуулар боюнча толтурулган протоколдор: мас абалында унаа башкаруу – 123, документсиз башкаруу – 283, караңгылатылган унаа башкаруу – 32, жол белгилеринин эрежесин бузуу – 2705, тездик режимин бузуу – 1076, коопсуздук ременин тагынбоо – 3507, сүйлөшүү аппаратын колдонуу эрежесин бузуу – 2278, жана башка мыйзам бузуулар – 3332.

Атайын унаа токтотуучу жайга 344 унаа токтотулду. Жалпысынан КРнын аймагында 112 жол-транспорт кырсыгы катталып, 166 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий