• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ПМББ: ЖЕЭК жыйынын өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Бишкек шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мамлекет башчыларынын жолугушуусун өткөрүүгө байланыштуу шаардын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы (ПМББ) 2017-жылы 13-апрелден 15-апрелге чейин айрым тилкелердеги, анын ичинде Фучик көчөсү, Жибек-Жолу, Чүй, Айтматов проспектилеринде, Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө унаалар үчүн убактылуу чектөө коюларын маалымдайт.

ПМББ бардык жарандардан жана шаардын конокторунан мындай аракетке туура түшүнүүнү өтүнүп, жол кыймылынын альтернативдүү маршрутун тандоосун суранат.

Пикир

Оставить комментарий