• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пневматикалык мылтык алып кирүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Коом 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Кыргызстандык жаран коңшу Казакстандан мыйзамсыз пневматикалык мылтык алып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 27-июнунда “Акжол” өткөрүү пунктунун чек арачылары Казакстандан мыйзамсыз пневматикалык мылтык алып келаткан кыргызстандык жаранды кармашкан.

1985-жылы туулган И.У. аттуу жаранга тиешелүү болгон “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү транспортту текшерүү маалында, унаанын жүк салуучу жагынан «Crosman» маркасындагы 4 пневматикалык мылтык табылган. Ал эми айдоочуда куралдарга тиешелүү уруксат кагазы жок болгон.

Документтер толтурулган соң кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүндөгү кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий