• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пневмония менен ооруган балдардын санынын өсүшү сезондук көрүнүш – Узакбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев пневмония жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган балдардын санынын өсүшү сезондук көрүнүш экендигин билдирди.

Ал "Кабар" агенттигине билдиргендей, жыл сайын кыш мезгилинде пневмония менен ооруган 150-250 бала катталат. Бул жылы коронавирустук инфекциясы дагы кошулду.

"Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратат деп айтууга болбойт. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 136 бала жатат. Көпчүлүгүнүн абалы орто оор, 6 бала реанимацияда, алардын абалы да күн сайын турукташууда. Көпчүлүк жаш бейтаптар амбулатордук негизде дарыланууда. Кечээ 32 бала ооруканага жаткырылды. Бирок дүрбөлөң салуунун кереги жок, бул балдар арасындагы сезондук көрсөткүчтөр", - деди Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий