• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пневмония менен ооруган медкызматкерлерге кенемте төлөнүп берилбейт – Каратаев

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Пневмония менен ооруган медкызматкерлерге кенемте төлөнүп берилбейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 8-майында жумуш ордунда коронавируска кабылган медкызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

"4 миңден ашык документ келип түштү. 2 миң 800 документ каралып, өткөн жылы 1 миң 137 медкызматкерге 200 миң сомдон төлөнүп берилди. 32 үй-бүлө 1 млн сомдон (каза болгон медиктин туугандарына каралган кенемте) алды. Баш тартылган документтердин саны 600. Ооруга кабылгандарга төлөнгөн кенемтенин өлчөмү 185 млн сомду түздү, каза болгондордун туугандарына жалпы 32 млн сом берилди", - дейт ал.

Каратаев кошумчалагандай, 2021-жылдын 11-январында жаңы токтом чыккан. Ага ылайык, ооруканада атайын комиссия түзүлүп, кызматкерге кенемте төлөнүп берилерин чечет. Ошондой эле кенемтенин өлчөмү 75 миң сомго түштү.

"Комиссия кенемте маселесин чечип, бизге жиберет. Бардык жоопкерчилик аларга жүктөлөт. Белгилей кетсек, май айындагы токтомдо ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус аныкталган учурда кенемте төлөнүп берилери жазылган. Ал эми пневмония менен ооругандарга кенемте төлөнүшү жазылган эмес (ооруканадан тышкаркы пневмония U07.2.). Бул маселени көтөрүп жатабыз. Эгер токтомго өзгөртүүлөр киргизилсе, төлөп беребиз", - деп айтат Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий