• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Польша калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында 40 млн евро өлкөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Польша калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында 40 млн евро өлкөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. «Мурда алынбай калган Польшанын 40 млн евро насыясын кайра көтөрүп, аны таза суу менен камсыз кылуу жана канализацияларды оӊдоо долбооруна жумшасак кандай болот? Алар буга макул болуп жатышат», - деди ал.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе боюнча кабары бар экенин белгилеген экономика министри Артем Новиков өткөн жылдын декабрь айында Польшанын элчиси менен мурда алынбай калган жеӊилдетилген насыяны кайра жандандыруу жаатында сүйлөшкөнүн белгиледи. «Бирок, мурдагы келишимдин мөөнөтү февраль айында аяктайт, ошондуктан аны узартуу маселесин макулдашышыбыз керек. Экинчиден, насыя социалдык багытта жумшалууга тийиш. Эгер биз январь айынын ичинде келишимдин мөөнөтүн узартууга макулдук алсак, андан кийин өз сунушубузду бере алабыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий