• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Польшада мурдагы президент Лех Валенсага кылмыш иши козголду

Дүйнө 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Польшанын мурдагы президенти, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лех Валенсага карата кылмыш иши козголду. Ал ант менен жалган көрсөтмө берүүгө, тагыраагы 70-жылдары коммунисттик атайын кызматтар менен кызматташканын жашырып коюуга айыпталууда.

Валенсанын Польша элдик республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматында “Болек” каймана аты менен иштегени тууралуу маалымат 2008-жылы эле чыккан.

​Бирок Польша элине каршы кылмыштарды иликтеген улуттук комиссия былтыр февралда эксперттерге таянып, Валенса атайын кызматтардын жашыруун агенти болгон деген документтер чын болуп чыкканын расмий түрдө билдирген. Ал кагаздарды былтыр мурдагы ички иштер министри, генерал Чеслав Кищактын жесири тапшырып берген. Графологдор 200дөй беттен турган документтерди текшерип чыгып, алар жасалма эмес деген бүтүмгө келишкен. Экспертизанын жыйынтыгы менен прокурор Анджей Позорский Валенса 1970-жылы 21-декабрда жашыруун агент катары кызматташууга милдеттенме алганын, берген маалыматтары үчүн сый акы төлөнүп турганын тастыктады.

Валенса атайын кызматтар менен байланышта болгонун ачыкка чыгарган эмес, бирок текшерүү башталганда табылган материалдар жасалма экенин айтып чыккан. Ал жашыруун агент тууралуу айыптоолорду четке кагып, саясий каршылаштары өч алып жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий