• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Польшадан Кыргызстанга адам өлтүрүүгө шектелген жаран экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Польшадан Кыргызстанга адам өлтүрүүгө шектелген жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Польшанын Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырды. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда.

Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.

“2022-жылдын 10-сентябрында Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде ИИМ кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алынып келди. Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылды”, - деп белгилешти прокуратурадан.

Пикир

Оставить комментарий