• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Польшадан келген медиктер Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында иштеп баштады. Сүрөт

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Польшадан келген медициналык топ Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында иштеп баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкерден турган топ Бишкекке келген. Алар атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.

Ошондой эле бүгүн, 20-апрелде Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келди. Маалыматка ылайык, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий