• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Польшадан келген медкызматкерлер бейтаптардын дарылануусуна катышат — Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Польшадан келген медициналык кызматкерлер бейтаптардын дарылануусуна катышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Польшадан медкызматкерлерден турган топ кечээ Кыргызстанга учуп келген.

"Бүгүн саат 09:00дөн тарта алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлгөн. Ошол жерде дарыланып жаткан бейтаптарга жардам берип, биздин медиктер менен чогуу иш алып барышууда. Ал эми 24-апрелде алар Ош жана Жалал-Абаддагы ооруканаларга барып, дарылоо процессине катышат", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Кытайдан да дарыгерлер келе жатат. "Алар биздин лабораториялык тастыктоонун деңгээлин көрүшөт жана окутуу-даярдоо процессине баалоо жүргүзөт", - дейт министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568гө жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий