• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Польшанын президенти Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Польша Республикасынын президенти Анджей Дуда Польша Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын жарандарына Жаңы жыл майрамына карата эң жакшы каалоо-тилектерин жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

«Келе жаткан 2022-жыл бардык гүлдөп-өнүгүүнү жана мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле эл аралык форумдардагы кызматташууну улантсын», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий