• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Poland Open” мелдеши: Мээрим Жуманазарова экинчи айлампада россиялык балбанды жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Варшавадагы “Poland Open” мелдешинде россиялык балбан Ханум Валиеваны жеңип алды.

Ал кармашты экинчи айлампадан баштап, атаандашын 7:2 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек аталган мелдеш 4-ноябрь күнү башталган, 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы мелдештер 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

Аталган мелдешке Мээрим Жуманазарова менен бирге Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда. Тыныбекова биринчи кармашында россиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий