• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Poland Open” мелдеши: Тыныбекова үчүнчү айлампада тунистик атаандашын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Варшавадагы “Poland Open” мелдешинде үчүнчү айлампада тунистик балбан Марва Амрини жеңди.

Тыныбекова 6:8 эсебинде утулуп жатып, кармаштын экинчи бөлүгүндө атаандашын далысына басып жеңишке жетишти.

Эскерте кетсек аталган мелдеш 4-ноябрь күнү башталган, 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы мелдештер 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

“Poland Open” мелдешине Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова (68 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.

Пикир

Оставить комментарий