• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Полиция кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысын өлтүрүү боюнча өз версиясын билдирди

Кырсык 0


Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Свердлов облусу боюнча Тергөө комитети 2-июль күнү киши колдуу болгон кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы 54 жаштагы Камчыбек Каримовдун өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн версиясын билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышкерлер Каримовду карактоого аракет кылган.

"Тергөө кылмышты жасоонун негизги версиясы катары кол салуу жана акча каражаттарын алып кетүү үчүн өлтүрүү болгон деп эсептейт. "Киши өлтүрүү" жана "карактоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдирет Тергөө комитетинин жетекчисинин жардамчысы Александр Шульга.

Бирок, кылмышкерлер акчаны алып кетишкен эмес. Октун үнүн уккан жарандар окуя болгон тарапка келе баштаганда алар коркуп, баштыкты албай кетишкен. Окуяны көргөндөр баштыкта көп акча болгонун жана 1 миң жана 5 миңдик банкноталар баштыктан чачылып кеткенин айтышкан. Кийин белгилүү болгондой, баштыкта 19 млн. рубль болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурда россиялык ММКлар жазгандай, кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы 2-июль күнү киши колдуу болгон. Ага белгисиз бирөөлөр кол салып, ал каршылык көрсөткөн. Кылмышкерлер ага эки ирет ок аткан. Ок анын ичине жана бутуна тийген.

Ага кол салгандар Түндүк Осетиянын номери тагылган "Volkswagen" унаасы менен келишкен. Алар унааны окуя болгон жерде калтырып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий