• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Полиция Страсбургдагы кол салууга шектелген адамды атып өлтүрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Франция полициясы Страсбургдагы Рождество жарманкесинде кол салууга шектелген жаранды атып өлтүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн коопсуздук кызматындагы өз булактарына таянып Reuters агенттиги жазды.

Бейшемби кечинде укук коргоо органдары Нодорф районунда кезектеги операциясын баштап, Страсбургдагы кол салууга шектелген Шариф Шефкат аттуу адамды издеп жаткан.

11-декабрь кечинде Страсбург шаарында куралчан адам базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылып, 13 киши жарадар болгон. Франция бийлиги бул окуяны теракт деп атаган.

Полициянын маалыматына караганда, 29 жаштагы Шариф Шекат буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда, андан тышкары Германия менен Швейцарияда 27 жолу жоопко тартылган. Германиядан Францияга ал 2017-жылы депортацияланган.

Францияда 2015-жылы Парижде болгон террордук кол салуудан кийин киргизилген күчөтүлгөн коопсуздук чаралары дале сакталууда. Акыркы үч жылдын ичинде өлкөдө бир нече теракт болуп, жалпысынан 200дөн ашык киши мерт болгон.

Пикир

Оставить комментарий