• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Украина: Порошенко кийинки шайлоодо жеңишке жетүү ниетинде экенин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Киевде Украина президентинин администрациясынын алдында Петр Порошенко жүргүзгөн реформаларга ыраазычылык иретинде “Рахмат, Петр” аталышындагы акция өттү.

Ага бир нече миң киши чогулду. Администрация кызматкерлери дарбазаны ачышты жана каалагандардын баары имаратка жакындоого мүмкүнчүлүк алышты.

Петр Порошенко колдоо көрсөткөн тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жакын арада алардын биримдиги “жаңы жеңиштерди камсыз кыларын” айтты.

"Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн чогуу барабыз. Кийинки президенттик шайлоодо Банковая көчөсүнө кайрадан чогуу кайтып келебиз”, – деди Порошенко. Банковая көчөсүндө Украина президентинин администрациясы жайгашкан.

Эске салсак, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 90% саналып бүткөндөн кийин президенттике талапкер Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болду.

Пётр Порошенко өзүнүн атаандашы Зеленскийди жеңиши менен куттуктады. Ошол эле маалда саясаттан кетпей турганын билдирип, Зеленскийге жардамын сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий