• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Порошенко: Украина БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз даярдоодо

Дүйнө 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Украина Керч кысыгындагы агрессия үчүн Орусияны жоопко тартуу боюнча БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз даярдады. Бул тууралуу украин президенти Петр Порошенко ICTV телеканалынын эфиринде айтты.

Анын билдиришинче, 25-нобярда орусиялык чек арачылар Кара деңиздин нейтралдуу аймагында аларга каршы чабуул жасаганда, украин моряктары эл аралык мыйзамдарга шайкеш иш алып барышкан.

Кармалган украин аскерлерин орус соттору жоопко тарта албайт, себеби алар агрессиялык актынын натыйжасында барымтага алынган. Женева конвенциясына ылайык, алар аскер туткундары болуп эсептелет.

Порошенко Европа соту Орусияны 3-декабрга чейин кармалган орусиялык моряктар жана алардын юридикалык макамы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендиргенин кошумчалады. Бирок Москва бул талапты аткарган эмес. Кармалган украиналыктардын адвокаттары орус тергөөчүлөрү аларга басым көрсөтүп жатышы ыктымал деп кооптонушууда.

25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Украин аскерлеринин баарына өткөн аптада расмий түрдө "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген айып тагылганы белгилүү болду. Украиналык деңиз аскерлери мындай айып менен алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Киев орус бийлигин чагымчылдыкка айыптап, Кара деңиздеги окуяны агрессия катары баалаган. Украина президенти өлкөнүн бир нече аймагында аскердик абал киргизүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий