• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Португалиядагы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жеткен спортчулар өлкөгө келди

Спорт 0


Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Португалияда өткөн парадзюдо боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү бүгүн, 2-февралда Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Улуттук паралимпиадалык комитеттин жана парадзюдо федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмейда шаарында өткөн “Гран-При Алмейда” эл аралык мелдешинде бир алтын жана эки коло медаль жеңген.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Хайитхон Хусан кызы (48 кг) – 1-орун;

Алихан Жумагулов (60 кг) – 3-орун;

Маматибрагим Суранов (73 кг) – 3-орун.

Пикир

Оставить комментарий