• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пост советтик мейкиндикте сом эң байыркы валюта болуп саналат – Марат Султанов

Экономика 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Пост советтик мейкиндикте кыргыз сому эң байыркы валюта болуп саналат. Бул тууралуу кыргыз сомунун 25 жылдыгына арналган иш-чарада Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов билдирди.

Анын айтымында, сом байыркы болгондугу менен гана эмес, өзүнүн туруктуулугу жана инфляциянын төмөндүгү менен да белгилүү.

“Сом туруктуу болот деп эч ким ишенген эмес. 1993-жылы өлкөгө сомду киргизүү менен эртең эч нерсе калбайт деп бизди эскерткен башка өлкөлөр болгон. Бирок, бизге кеңеш берген мамлекеттерде эч нерсе калган жок, биз болсо өнүгүүдөбүз. Бизде эң күчтүү валюта”,-деп билдирди ал.

Султанов маалымдагандай, дүйнөлүк өзгөрүүлөр менен бирге Кыргызстандын өзгөрүүсү да маанилүү.

Ал дүйнө бир орунда турбай тургандыгын айтып, келечекте Улуттук банктын көзөмөлүндө боло турган виртуалдык акчаны түзүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий