• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Потенциалдуу чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн КРнын “рыногуна” киргиси келбегендигинин бир нече себептери бар

Экономика 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Эл аралык өнөктөштөрдүн көбү Кыргызстандын бизнес-рыногуна “киргиси” келбей жаткандыгынын бир нече себептери бар.

“Өнөктөштөрдүн өздөрүнүн айтымында, рынокту жөнгө салуунун айрым көйгөйлөрү бар. Ушулардан улам аларга кызматташуу кызык эмес: биздин өлкөнүн рыногу ири компаниялар үчүн аябай кичинекей, ошондой эле жер семирткичтерди, уруктарды коргоо каражаттарын жөнгө салуу планында көйгөйлөр бар. Мындан улам ишкерлер биздин өлкөгө инвестиция жасоону рационалдуу эмес деп эсептейт”, - деди Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев “Кабар” агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып.

“Бул жылдын жыйынтыктарынан биз келечекте кантип өнүгөрүбүз көз каранды. Эгерде кийинки жылы биз бул жакта чоң өнөктөштөрдү көрсөк, бул алар бизден келечекти көрдү дегенди билдирет”, - деди Токтогазиев.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын күнөскана тармагынын форуму башталды. Бул биздин өлкөдө эл аралык деңгээлде өтүп жаткан алгачкы форум.

Бул иш-чаранын максаты – өлкөнүн күнөскана тармагында инновацияларды кайра жаратуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий