• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер Абылгазиев КМШ ӨБК кезектеги жыйынына катышты - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

КМШ ӨБК кеңешмесине катышуу алкагында Өкмөт башчы Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары, КМШга мүчө-мамлекеттердин делегация башчыларынын Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жамааттык жолугушуусу орун алды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча КМШ алкагындагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий