• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр айланма жолун калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр айланма жолун калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областына болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган унаа жолунун абалын текшерип жатканда берди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана унаа жол министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, бул жолдун үстүңкү катмары толугу менен талкаланып бүттү. Бул жергиликтүү алтын кен иштетүүчү ишканалардын жүк ташуучу унааларынын интенсивдүү кыймылына байланыштуу. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айланма унаа жолун Транспорт жана унаа жол министрлигинин балансына өткөрүп берүү маселесин кароону тапшырды.

«Узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолдун, анын ичинде жергиликтүү тургундар үчүн да маанисин эске алуу менен калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгуу талап кылынууда. Ал үчүн зарыл болгон 15-20 млн акча каражаты бөлүнүп берилет. Кербен шаарынын ички жолдорун оңдоого 3 млн сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, жакында кабыл алынган аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында айылдардын жана кичи шаарлардын жашоочуларын таза ичүүчү суу, заманбап тазалагыч жабдыктар жана канализация системалары менен камсыздоо маселесине көп көңүл бурулган. Мунун баары айылдарда жана кичи шаарларда жашаган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат. Ошол эле маалда инфраструктуралык маселелерди чечүү менен биргеликте жер-жерлерде жаштар үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көп көңүл бурулат», – деп билдирди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле Ала-Бука – Шекафтар унаа жолунун реконструкциясы менен таанышты. Транспорт жана унаа жол министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, жакында бул жолду оңдоп-түзөө иштерине кирише турган тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Жолдун 20 чакырым участогу толугу менен оңдолот, анын ичинде 7 чакырымы асфальтталып бүттү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт жол инфраструктурасынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурганын эскертти. Бул жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү маанидеги жолдорду өнүктүрүп, оңдоп-түзөөгө 750 млн сом бөлүнүп берилди.

Иш сапарынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ала-Бука районунун аймагындагы кичи ГЭСтин курулуш долбоору менен таанышты. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдиргендей, инвесторлор кичи ГЭСти куруу боюнча долбоорун каржылоого даяр. Бул объект Биринчи май айыл өкмөтүнүн калк жайгашкан жерлерин жана 850 гектар айыл чарба сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү жаңы энергетикалык кубаттуулугун куруусуз жана сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүсүз мүмкүн эместигин белгиледи. «Кичи ГЭСти куруу долбоору толугу менен райондун жашоочуларынын кызыкчылыктарына жооп берет. Ал республикада чоң, анын ичинде экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон айыл чарбасын өнүктүрүүгө максималдуу туура келген шарттарды түзүүгө багытталган», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий