• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкенттеги бардык эски үйлөр түрттүрүлүп, ордуна жаңылары курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Ташкенттеги бардык эски үйлөр түрттүрүлүп, алардын ордуна жаңылары курулат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы президент 21-декабрда Ташкенттин Сергели районундагы жаңы курулган үйлөрдүн шарттары менен таанышып жатканда берген.

«Президент жаңы курулган үйлөрдө ысык суу, жылуулук системасы болуп, жашоочулар отун жарып, тамак жасоодо көмүр колдонбошу керектигин айтты», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары өкмөт башчы быйыл Ташкентте 1 миллион чарчы метр, жалпы өлкө боюнча 5 миллион чарчы метр аянттагы турак-үйлөр курулганын, мындай көрсөткүчтөр Советтер Союзу өнүгүп турган мезгилде да болбогонун кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл беш айдын ичинде Ташкенттин аталган районунда 21 көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктаган. Аларда жалпысынан 1 176 батир бар.

Пикир

Оставить комментарий