• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер БАУдагы окуяга мыйзам чегинде баа берүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинде (БАУ) болгон окуяны иликтөө максатында, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү тапшырды.

Премьер-министр конфликтин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен биргеликте мындай окуяларды кайталабоонун үстүнөн иш алып барууну тапшырды. Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнүн, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун алдын алуу жана Нарын шаарындагы БАУ болгону окуяны жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар бардык конфликтерди жеринде чечүүгө аракет кылышы керектигин билдирди. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу жергиликтүү калк, анын ичинде жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскертти. "Тиешелүү мамлекеттик органдар окуяны кылдат иликтеп чыгып, мыйзам чегинде баа бериши керек",-деди ал.

«Бул сыяктуу жагымсыз окуялар өлкөнүн аброюна шек келтириши ыктымал, бардык келип чыккан конфликти мыйзам чегинде чечүү керек. БАУ алдыңкы ЖОЖ гана эмес, Борбор Азия аймагында билим менен маданияттын борбору болушу керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда чет элдик студенттер менен Нарын жаштарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.

Пикир

Оставить комментарий