• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер бир катар мамлекеттик кызматерлерге эскертүү берди

Өкмөт 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында аткаруучулук тартипти камсыздоо боюнча иштердеги кемчиликтери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын 2017-жылдын 23-майындагы №7 протоколунун негизинде төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы, Ташболотов Максатка;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы, Жекшенов Бактыбек Жекшеновичке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, Акишев Камчыбек Сабырбековичке.

Пикир

Оставить комментарий