• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер Боинг учагынын кырсыгында жабыркагандарга каражаттар качан бөлүнүп баштарын айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 17-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн 2016-жылдагы өкмөттүн ишинин жыйынтыгы каралган парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында Дача-Су айылындагы Боинг учагынын кырсыгынан жабыркаган жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө түрк тараптан төлөнүүчү каражаттар качан бөлүнүп баштарын айтты.

Анын айтымында, түрк тарап 1 айдын ичинде акча которуусу керек. Каражаттар которулаары менен бөлүнүп баштайт. Буга бир айга жакын убакыт кетет. Ал эми калктан жардам иретинде топтолгон акча түрк тараптын каражаты берилгенден 10 күндөн кийин таратылат.

“Ал эми Дача-Суда жашаган жарандарды көчүрүү боюнча айтсак, учурда бош жер тилкелери жок. Биз аларды башка жерге көчүрө албайбыз. Учурда авиа кырсыкта жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор менен алектенүүдөбүз. Биз аларды турак жай менен камсыздап жатабыз”. – деди С.Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 16-январда Бишкекке жакын жерде Гонконг-Бишкек-Стамбул аба каттамы менен учуп бара жаткан Boeing 747-412 учагы кырсыкка учураган. Натыйжада, экипаж мүчөлөрүн кошкондо 39 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий