• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер Боронов Ала-Бука аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык сааясат бөлүмү билдирет.

Аймактык ооруканда 200 орун бар. Жалпысанан 105 миң жаранды медициналык жактан тейлейт. Ала-Бука районундагы саламаттык сактоо уюму төрт түзүмдүк бөлүмү менен кошо быйыл капиталдык ремонттон өттү. Оңдоп-түздөө иштеринен кийин медициналык жайга борборлоштурулган кычкылтек киргизилди жана ар бир бөлүмгө видеокөзөмөл орнотулду.

Ала-Бука райондук ооруканасынын материалдык-техникалык базасы жана жабдуулары заманбап талаптарга жооп берет. Анда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 2, 56 кычкылтек концентратору, 1 рентген, 3 сипап аппараты бар. Медициналык жайда 6 бөлүм болсо, анын ар биринде бирден интенсивдүү терапия палатасы бар.

«Медицина кызматкерлерине COVID-19га каршы күрөшүүдө, жарандардын өмүрүн сактап калууда күжүрмөндүк көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздердин эмгегиңиздерди жогору баалайт. Саламаттыкты сактоо уюмдарында мезгилдин талабына жооп берген ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп жатат. Дээрлик бардык аймактардагы ооруканалар капиталдык ремонттон өтүүдө. Ошол эле учурда санариптештирүү саясатына ылайык, «Электрондук саламаттыкты сактоо» тутуму боюнча ишти күчөтүү керек. Бул системанын толук кандуу ишке кириши менен бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт», - деди Кубатбек Боронов.

Белгилей кетүүчү жагдай, санариптештирүүнүн алкагында Ала-Бука аймактык ооруканасында иш кагаздар электрондук форматка өткөн, бейтаптардын электрондук картасы бирдиктүү базага киргизилген.

Премьер-министр Кубатбек Боронов андан соң Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы № 21 кесиптик лицейде ачылган обсервациялык жай менен таанышты.

Обсервациялык жай 100 орунга ылайыкталган. Бул жерде кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлери 14 күндүк карантин болушту.

Пикир

Оставить комментарий