• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер чакан ГЭСдин курулушуна жерлерди берүүдө шашылбоого чакырды

Коом 0

Бишкек,21.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чакан ГЭСди куруу жана трансформациялоого жерлерди бөлүп берүүдөн мурда айрым шарттарды карап чыгыш керек. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, эгерде натыйжасыз сынактарды өткөрсөк, анда банкротко учурайбыз.

“Биз кээ бир шарттарды эске алуу менен бирге, электр энергиясын мыйзамда көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алууда мамлекетке канчалык эффективдүү боло тургандыгын түшүнүшүбүз керек”,-деди ал.

Ошондой эле Өкмөт башчы энергетиктер менен сүйлөшкөндүгү тууралуу кошумчалады.

“Биз, бизнеске да, өкмөткө да туура келе тургандай кылып орто жерин табышыбыз керек. Антпесе, бул чөйрө өнүкпөйт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий