• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер Исаков эки күндүк сапары менен Ош облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 25-26-сентябрда эки күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Ош облусунда өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандар райондордогу социалдык жана билим берүү объектилерин кайра оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, Өзгөн районунда жергиликтүү тургундарды көчүрүүгө бөлүнгөн тилкелерди өздөштүрүү менен таанышат.

Ошондой эле Чоң-Алай районунун Карамык, Күлчү, Кашка-Суу айылдарында мектептердин жана оорукананын абалы, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.

Сапардын экинчи күнүндө Өзгөн районунун Ак-Терек, Курбу-Таш айылдарында болуп, Ана-Кызыл жана Жаман-Адыр тилкелеринин өздөштүрүлүшүн көрүп чыгат.

Мындан тышкары Сапар Исаков Ош мамлекеттик университетинин медициналык лабораториясын көрүп, студенттер менен жолугушат.

Муну менен катар өкмөт башчынын Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы бир нече үй-бүлөлөр менен жолугушаары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий