• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер Исаков Таласта мектептин ачылышына катышты

Аймак 0


Талас, 12.01.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусунун Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Мектеп 320 орунга ылайыкташтырылган. Имараты толугу менен эмеректер, окуу шаймандары менен жабдылган. Курулуш иштери 2013-жылы башталган.

Исаков билдиргендей, жаңы мектептин колдонууга берилип жаткандыгы - өлкөнүн өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.

“Бир гана Таласта эмес башка аймактарда да мектептер курулууда”,-деди ал.

Өкмөт башчы Таласта мындан дагы көп жаңы мектептер болушуна тилектеш экендигин билдирди. Сапар Исаков бул мектеп үчүн спорт имаратын куруп берүүнү убада кылды. Премьер-министрдин атынан мектепке 16 жаңы компьютер, 5 принтер, 5 сыналгы жана 5 проектор белек кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен Зарылбек Рысалиев компьютер жана принтер тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий