• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер: Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов салттуу түрдө өтүп келе жаткан брифингде билдирди.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясы саламаттык сактоо тутумун модернизациялоо жана өнүктүрүү зарыл экенин көрсөттү. Ошол эле учурда ар бир мамлекет үчүн анын экономикасы маанилүү орунда турарын унутпашыбыз керек. Экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн аны колдоо боюнча чараларды активдүү түрдө кабыл алышыбыз зарыл. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, Өкмөт 2020-жылдагы ишинин негизги 5 багытын белгиледи», - деди Кубатбек Боронов

  1. Ден соолукту коргоо жана адам өмүрүн сактоо
  2. Калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо
  3. Билим берүү чөйрөсүнө окутуунун коопсуз формаларын киргизүү
  4. Экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу
  5. Бизнести колдоо

«Биз тараптан иштелип чыккан сунуштун негизги бөлүгү – бул пандемиядан жапа чеккен бизнес чөйрөлөрүн колдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу болуп саналат. Ошол эле учурда COVID-19 биздин жашообуздан эч жакка кеткен жок. Ошондуктан ооруп жаткандардын саны азайганына карабастан, илдеттин экинчи толкунуна даяр турушубуз керек. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү болушубуз шарт. Антпесе илдетти жуктургандардын саны көбөйүп кетиши ыктымал. Санитардык талаптар аткарылбаса, Президенттик жана Өкмөт Аппаратынын, медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын жасаган чоң иштери жокко чыгып калат», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий