• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер Марипов Аксы окуясында курман болгондордун элесине арнап гүл койду

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Гүл коюу аземине ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Жеңишбек Асанкулов катышты.

Пикир

Оставить комментарий