• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер Марипов «Баткенге көмөк» штабынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жайгашкан «Баткенге көмөк» штабынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министрге штабдын иши кандайча координацияланып жаткандыгы, жарандардан жана уюмдардан түшүп жаткан гуманитардык жардамды жөнөтүү боюнча логистика кандай жөнгө салынып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы штабдын ишине тартылган жактарга, өзгөчө, сыртта карап турбастан жардамга муктаж мекендештерге кол сунган волонтерлорго ыраазычылык билдирди.

«Кыйынчылык учурда чогулуп, жаңжал чыккан аймакта калган адамдарга колдоо көрсөтүп жаткан жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Бул кырсык өлкөбүздү бириктирди. Сиздерге Баткен облусунун тургундарына ыкчам жана уюшкандыкта жардам көрсөтүп жаткандыгыңыздар үчүн ырахмат», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жабыркагандарга тийиштүү көмөк көрсөтүлөт.

Пикир алышуунун жүрүшүндө бизнес-түзүм өкүлдөрү мамлекетке колдоо көрсөтүп, Баткен облусундагы бузулган турак-жайларды калыбына келтирүү маселесин өздөрүнө алууга даяр экендигин билдиришти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн аталган ишти координациялап берүүнү өтүнүштү.

Пикир

Оставить комментарий