• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Премьер Марипов: Биз кен иштетүү тармагынын маселелеринде алдыга жылышыбыз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн жана геологдорунун ассоциациясынын жана Эл аралык ишкер кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кен иштетүү тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

«Тоо-кен сектору – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бирок 2020-жылдын 6-октябрынан түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал көптөгөн кен компаниялардын токтошуна алып келди.

Анткен менен 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 18 млрд 204 млн 37 миң сом түшкөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 140% – 12 млрд 999 млн 254 миң сомду түзөт.

Биз үчүн көп жылдык тажрыйба жана ишибизде эксперттердин көз карашы маанилүү. Ишибиздин жөнгө салынышына кызыкдарбыз. Тоо-кен тармагындагы экономиканын өнүгүүсүнө жана инвестициялык жагымдуулукка терс таасирин тийгизген белгилүү бир кыйынчылыктарды эске алуу менен, биз тиешелүү реформаларды жүргүзүү ниетиндебиз», – деди Улукбек Марипов.

Ассоциациянын мүчөлөрү кен иштетүү тармагынын негизги маселелерин белгилешти, алардын арасында: кен пайдаланууну мыйзамдуу жөнгө салуу, кесипкөй кадрлардын, тармакты өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттардын жоктугу, саясий туруксуздук, жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүү маселелери бар.

Эксперттер ошондой эле, кен иштетүү жаатында тармактык мамлекеттик органды сактап калуу жана кен пайдалануу тармагында туруктуу ишти камсыздоо, кесипкөй эксперттик коомчулук институтун түзүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий