• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Премьер-министр: 2018-жылдын көрсөткүчтөрү биз туура нукка багыт алганыбызды көрсөтүп турат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “2018-жылдын көрсөткүчтөрү өлкөнү өнүктүрүүдө биз туура жана ырааттуу нукка багыт алганыбызды көрсөтүп турат”, - деди КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясынын экинчи күнүнүн жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Алсак;

- 156 социалдык объект курулду;

- региондордун инфраструктурасын оңдоого 150,8 млрд сом каражат жумшады (2017 – 145,2 млрд сом), анын ичинде район борборлорунда 3 км жолго асфальт төшөлдү;

- аймактарды өнүктүрүүгө Өкмөт 1 млрд. сом жумшады;

- Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун эсебинен 179 долбоор 384,5 млн. сомго каржыланды;

- айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого 5,8 млрд. сомго жеңилдетилген насыялар берилди;

- Кепилдик фонддго чакан жана орто ишкердиктикти колдоо үчүн 300 млн. сом бөлүндү;

- ветеринардык лабораторияларды өнүктүрүүгө 100 млн. сом жумшалды;

- 25 айыл 43411 тургун таза суу менен камсыз болду;

- 77 миң жумуш орундары түзүлдү.

“Булардын бардыгы бир аймактарды өнүктүрүүдө туура нукка багыт алганыбызды көрсөтүп турат. Экономиканы жана социалдык чөйрөнү көтөрүү үчүн так параметрлерди жана ачык максаттарды белгиледик”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий