• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр Абылгазиев «Айыл Банктын» жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл банк» ачык акционердик коомунун жетекчилигин – башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушууда мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя каражаттары менен жеткиликтүү камсыз кылуу, айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жана ипотекалык кредиттөөнү жакшыртуу боюнча маселелер топтому талкууланды.

«Айыл банк» ААК башкармалыгынын башчысы Бактыбек Шамкеев финансы мекемесинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана банктын келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, дыйкандарды кредиттөө жана аймактарда бизнес-долбоорлорду каржылоо багытында банктын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу маанилүү.

«Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек», - деди Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Айыл банк» акционердик коомунун жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий