• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Абылгазиев Аксай айылынын жашоочулары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Аксай айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, ал айылга жергиликтүү тургундардын маселелери менен жекече таанышып жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн келген.

«Мен бүгүн Аксай - Рават жана Аксай – Тамдык унаа жолдорунун курулушун, айылдын кире беришиндеги көпүрөнү, мектепти көрүп чыктым. Менин жанымда мамлекеттик органдардын жетекчилери келишти, аларга маселелерди ыкчам чечүү боюнча жеринде тийиштүү тапшырмалар берилди. Бул эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган татаал маселе. Өтө ойлонулган жана конструктивдүү мамилени талап кылат, күч менен бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Акыркы окуя болгон күндүн эртеси эки мамлекеттин Президенттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, мен да бир нече ирет тажик кесиптешим менен байланыштым. Биз үзгүлтүксүз байланышып, сүйлөшүүлөр процессин көзөмөлдөп жана эки жактын кызыкчылыктарына жооп берген мазмундагы протоколго кол коюп, натыйжага жетиштик», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды мындан ары карай ишке ашыруу пландары тууралуу айтып берди.

Андан соң жолугушуу «суроо-жооп» түрүндө өтүп, айылдын жашоочулары Өкмөт башчыга ичүүчү жана сугат суусу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген шарттарда насыяларды берүү, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди курууга байланыштуу суроолорду бере алышты.

Жергиликтүү тургундар Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрүнө Аксай айылына, анын ичинде өткөн чек ара окуясы учурунда бурулган көңүл үчүн ыраазычылык билдиришти.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Аксай сыяктуу эли көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон айылдарга кам көрүү – Өкмөттүн милдети жана аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы башкы артыкчылыгы болуп саналат.

«Сиздер бүгүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы кыйынчылыктар тууралуу айтып бердиңиздер. Мындай болбошу керек. Бүгүн санариптештирүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылып жатат жана мамлекеттик, банктык жана башка кызматтардын бардык түрү өлкөнүн бүт, жада калса, эң алыскы аймактарында дагы жеткиликтүү болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, айтылган бардык маселелер боюнча аларды натыйжалуу чечүү үчүн тыкыр иштер жүргүзүлөт.

Ал баса көрсөткөндөй, объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бардык орун алган маселелерди тынчтыкты, туруктуулукту сактаган жана жалпы улуттук күч-аракеттерди бириктирген шарттарда чечүүгө болот.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди жана жеринде жооптуу жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий