• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Абылгазиев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдагы апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдрет.

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн каргашалуу окуялардын жылдыгына арналган.

Өкмөт башчы менен биргеликте гүл коюуга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий