• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр Абылгазиев ЭВФ туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Эл аралык валюта фондуна ыраазычылык билдирди.

«ЭВФ менен биз дээрлик көз карандысыздыкка жетишкен учурдан бери кызматташып келебиз. Бул мезгилде республика эл аралык финансы институтунан маанилүү колдоо алды. Бул финансылык жардам жана ар кыл маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр. Биз өлкөгө колдоо көрсөтүү мындан ары карай дагы улантылат деп ишенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тигран Погосян өз кезегинде белгилегендей, Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасы менен кызматташуусун күчтөндүрүүгө ниеттенет.

«Биз кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз. Мен өлкө тууралуу башкы кеңсеге так маалымат жетиши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Мындан фонддон республикага көрсөтүлгөн жардамдын таасирдүүлүгү көз каранды. Ошондой эле фонд менен өз ара иштешүү башка дүйнөлүк каржы институттары менен кызматташууга таасирин тийгизет», - деп ырастады Тигран Погосян.

Валюта фондунун туруктуу өкүлү билдиргендей, кийинки жылы Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнө жана Монголияга техникалык жардам көрсөтүү боюнча аймактык борбор ачылат. Кыргыз Республикасынын борборуна жакын жайгашуусу өлкөдөн түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөт.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектүү изилдөө долбоорлору боюнча өз ара иштешүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий