• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Абылгазиев: Өкмөт бардык муктаждарга жардам берет

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жыйын учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, жарандардын үй карантини режимин сактоолору - коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы ийгиликтүү күрөшүүнүн башкы шарты болуп саналат.

«Көптөгөн жарандар кандай оор абалда калганын биз жакшы түшүнүп турабыз. Бирок азырынча өз алдынча изоляциядан башка коркунучка каршы туруунун таасирдүү ыкмасы жок. Ошондуктан биз дарыгерлердин жана адистердин сунуштамаларын угууга тийишпиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөн. Мындан тышкары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөкпулдарды албаган жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган.

Премьер-министр ушундай эле иштер Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Анын маалыматында, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин атайын эсебине 10 млн 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн 380 миң сом азык-түлүк топтомун сатып алып, таркатууга жумшалган.

«Учурда министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү тараптан көмөктү даректүү жеткирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына пенсияларды өз мөөнөтүндө жеткирүү тапшырылды. Комендатура тараптан аталган ведомстволордун жооптуу кызматкерлерине тийиштүү өткөрмөлөр берилген. Буга катар бюджеттин корголгон беренелери толук көлөмдө каржыланат. Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий