• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министр Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы өлкөнүн бардык жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, чет элдик делегациялар, ошондой эле республиканын ар түрдүү чыгармачыл жамааттары тарабынан даярдалган боз үй шаарчасын көрүп чыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев капчыгайда боз үй тиккен этношаарчанын уюштуруучулары, өз продукцияларын сунуштаган кол өнөрчүлөр, ыктыярчылар, ошондой эле туристтер жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору менен баарлашты.

Өкмөт башчы республиканын миңдеген меймандары күбө болгон – бул кеңири масштабдуу окуяга катышуулары үчүн бардыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Биз бүт дүйнөгө ушундай иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрө аларыбызды көрсөттүк. Биз өз элибиздин бай тарыхы, маданияты жана жашоо-тиричилиги жөнүндө татыктуу көрсөтүп жана айтып бере алдык. Бул силер сыяктуу адамдардын эмгеги менен ишке ашты. Элибиздин ынтымагы жана биримдиги менен жетиштик!», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Мен муну менен абдан сыймыктанам жана бардык мекендештеримди бул чоң майрамы менен куттуктайм!».

Ошондой эле Премьер-министр төкмө акындардын концертинде, этношаарчанын дипломатиялык шаарчасында болду, мында ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз маданиятынын жана тиричилигинин элементтерин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий