• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-июнда, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Төмөндө Өкмөт башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Орозо айт майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка жана каниеттүүлүккө үндөгөн орозонун диний-этникалык, культтук мааниде мусулманчылыкта орду чоң. Баарыбыздын бир ай бою кармаган орозобузда тилек кылган ниеттерибиздин баары кабыл болсун.

Улуу майрамдын бири болгон Орозо Айт майрамында Кыргызстаныбызга жаратканыбыздын нуру түшсүн. Ар бир үйгө береке, кут кирсин. Ар бир адамга бакубатчылык жана аманчылык каалайм.

Айтыңыздар маарек болсун!».

Пикир

Оставить комментарий